23-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин магистранттары илимий конференцияда ийгиликтерди багындырышты.

2018-11-26 16:57:55 2331

23-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин магистранттары Ош МУнун магистратура бөлүмү уюштурган, бизнес жана менеджмент факультетинде өткөн магистранттарды кабыл алуу аземи жана илимий-практикалык конференцияга жигердүү катышышты, баяндамаларды жасашты жана ийгиликтерди багындырышты. Алар: Биймамат кызы Каухар - пленардык жыйында илимий баяндама жасап, Атайын Диплом, Мадимарова Айзат - I даражадагы диплом жана Болотбек кызы Жылдыз - III даражадагы диплом менен сыйланышты. Магистранттарыбызга илимий ийгиликтерди каалайбыз.