27-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде акыйкатчы аппараты тарабынан уюштурулган Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата брейн-ринг акыл-таймашы болуп өттү.

2018-11-27 17:59:41 2298

26-ноябрь, саат 15:00 дө тарых факультеттинин акыйкатчы аппараты тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата брейн-ринг акыл-таймашы болуп өттү. Акыл-таймаш: Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт”, “Бетме-Бет”, “Фудзиямадагы кадыр түн” чыгармаларынын негизинде болуп өттү. Брейн-ринг 2 турдан турду: 1. Ч.Айтматовдун төмөндө айтылган үч чыгармасы боюнча суроо-жооп. А) “Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт” Б) “Бетме-Бет” В) “Фудзиямадагы кадыр түн” 2. Финал. Жыйынтыгында, 1-орунга Полотбек кызы Канайым, 2-орунга Бекболот кызы Айгул, 3-орунга Маликова Рахат татыды. Акыл-таймашта жеңген И(б)-1-17 тайпасынын студенти Полотбек кызы Канайым тарых факультетинин атынан факультеттер аралык брейн-рингге катышып, 2-орунду ээледи.