29-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин студенттери

2018-11-30 15:44:27 2156

29-ноябрь, 2018-жыл. Тарых факультетинин студенттери "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу V аймактык студенттик илимий конференцияга жигердүү катышышты. Анда Сапарали кызы Бурабия "Аалам көйгөйлөрү Айтматовдун көзү менен (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде)" деген темада пленардык жыйында баяндама жасады жана Диплом менен сыйланды. Андан соң секциялык иштер уланып, анда студенттерибиз: Колпакова Айпери, Жумабаев Бекжан, Полотбек кызы Канайым, Идирисова Севара, Ахматжон уулу Бектурган ж.б. баяндамаларды жасашты жана Дипломдорго ээ болушту. Ошондой эле, "ОшМУнун жарчысы" журналына студенттердин макалалары жарыкка чыкты.