12-декабрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде "Тарых жана Айтматов" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

2018-12-12 20:54:09 2142

12-декабрь, 2018-жыл. Тарых факультетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тарых жана Айтматов” аттуу Ош шаарындагы жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору, тех. и.д. профессор И.Г.Кенжаев, ОМЮИнун илимий иштер боюнча проректору, т.и.д., профессор Абытов Б.К., ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, т.и.к., доцент Арстанов С.А., Ош ТУнун коомдук илимдер кафедрасынын доценти, т.и.к. Абдыразакова З., ОГПИнин тарых кафедрасынын доценти, т.и.к. Осмонов С., ОшМУнун мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучусу Алишерова Э.О. ж.б. куттуктоо иретинде сөз сүйлөштү жана кызыктуу илимий баяндамаларын жасашты. Конференциянын жүрүшүндө концерттик номерлер тартууланып, жыл бою ийгиликтерге жетишкен алдыңкы студенттер тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент Смадияров С.А. тарабынан сыйланды. Жыйынтыгында маанилүү резолюция кабыл алынды.