• Магистратура

Магистратура

      Чыгыш таануу жана тарых факультетинин магистратура бөлүмүндө 550400- социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюча адистерди даярдап чыгарат.
    2014-2015-окуу жылында тарых факультетинин базасында магистратура бөлүмү ачылган. Магистратурадагы окуу процессин факультеттеги жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедраларындагы 13 илимдин кандидаты, доцент, профессорлор жүргүзөт.
 Магистратуранын багыттарына алынган лицензияда көрсөтүлгөн “дистанттык окутуунун технологияларын колдонуу менен” деген көрсөтмөнүн негизинде бюджетте окуган педагогикалык багыттарды бүтүрүүчүлөрүнүн арасында on-line режиминде окуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн сабактарда дистанттык технологияны пайдалануу менен иш алып барабыз.       
Факультеттеги социалдык-экономикалык билим берүү программасы боюнча баардык практикалардын түрлөрү (башкаруучулук, илимий-педагогикалык, илимий-изилдөөчүлүк) жумушчу программаларын ОшМУнун нормативтик документерине ылайык иштелип чыгып факультеттин Окумуштуулар кенешинде каралып, бекитилген. Анда социалдык-экономикалык билим берүү багытына ылайык Башкаруучулук, илимий-педагогикалык, илимий изилдөөчүлүк практикаларынын баардык компетенциялары камтылып даярдалган.      
 Магистратуралык программанын сапатын жогорулатуу боюнча ишкана-мекемелердин мектептердин адистеринин (стейхолдерлердин) катышуусу менен практикалардын жумушчу программалары, дициплиналардын силлабустар (калыптандыруучу компотенциялар, күтүлүүчү натыйжалар чагылдырылып) талкууланып жана рецензия жазылган.            
 2015-2016-окуу жылында 18 магистрантыбыз магистрдик диссертацияларын ийгиликтүү коргоп, баары жумуш орундары менен камсыз болгон. Ал эми 2016-2017-окуу жылында 10 магистрантыбыз магистратураны ийгиликтүү аяктап, анын 8 и иш менен камсыз болгон. Негизги билим берүү программасын оңдон түзөөдө бул бүтүрүүчүлөрүбүз менен тыгыз иш алып барабыз. Cоциалдык-экономикалык билим берүү багытында мыкты деңгээлдеги уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, проекттик-экономикалык, илимий изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш аракетке даяр болуучу адистерди (магистрлерди) окутуунун формасы. Факультеттин магистрлери илимий маалыматалуунун заманбап информациялык технологияларынан кабары бар жана негизги илимий базага жана методологияга ээ болот. Магистратурада окуган учурда магистрант төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болот: - Мыкты профессионалдык билим берүүнүн жогорку тепкичине ээ болууга; - Белгилүү бир адистештирилген профилдик багыт боюнча жана кызыккан илимий чөйрөсү боюнча тереңдетилген билим алууга; - үч семестрдин ичинде илимий-изилдөөчүлүк иши менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө (төртүнчү семестрди магистрдик диссертацияны жазууга арнаса болот); - Магистрдик диссертация жазуудагы тажрыйба келечекте PhDдокторантурада окууга мүмкүндүк жана жардам берет; - Магистранттар жогорку окуу жайларда, атайын орто окуу жайларында, лицейлерде жана орто мектептерде иштөө үчүн окутуучулук тажрыйба алышат; - Магистранттар стажировка, практиканын бардык түрлөрүн өтүү - Магистрлер илимий изилдөө орду эске алынган индивидуалдык окуу планын тандоого мүмкүндүк берген өздүк билим берүү траекториясын түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат; - Магистр даражасы магистранттын тандап алган багыты боюнча илимий –изилдөөчүүлүк иш аракетке даярдоо менен билимдерди теориялык жактан терең өздөштүрүүгө шарт түзөт; - Магистр даражасына ээ болуу менен эмгек акынын жогорулашы жана жумушка орношуу үчүн кеңири мүкүнчүлүктөрдү ачып берет. Факультетте башкаруучулук, илимий педагогикалык, илимий изилдөөчүлүк, практикалар учурунда архивдерде, китепканаларда жана талаа маалыматтары менен иштеп магистрдик диссертациясын жазууга чоң көмөк ала алышат. Терең урматтоо менен, т.и.к., доцент Гулзада Жумашова