• Илим изилдөө иштери жана эл аралык байланыштар

Илим изилдөө иштери жана эл аралык байланыштар

Бүгүнкү күндө чыгыш таануу жана тарых факультетинин профессордук-окутуучулук курамынын 50 мүчөсүнүн ичинен 22 окутуучу илимий даражага ээ жана ал жалпы сапаттык көрсөткүчү боюнча 40 % түзөт. Ар бир кафедранын илимий темалары бекитилген. Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын темасы – “Борбордук Азиядагы улуттар ортосундагы проблемалар”. Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын темасы – “Кыргызстандын XIX к. аягы – XXI к. башындагы саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү”.

Дээрлик бардык окутуучулар бекитилген кандидаттык диссертацияларынын темаларынын үстүнөн иштеп келишүүдө жана эл аралык, республикалык жана аймактык илимий-практикалык конференцияларга илимий доклад, макалаларын жарыкка чыгарышууда. Белгилүү даталарга карата, илимий иш чаралардын алкагында факультеттеги кафедралар тарабынан илимий конференциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлүүдө жана ал өз натыйжасын берүүдө.

Факультетте аспиранттар жана изденүүчүлөр өздөрүнүн илимий жетекчилеринин жардамы менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Факультетте тарыхый музей жана анын алдында илимий лаборотория иштейт. Музей тарыхый экспонаттарды чогултуу, топтоо иштерин алып барат. Тарыхый лабороторияда жаңы табылгалар, экспонаттар иликтенип, системалаштырылып илимий айлампага киргизилип турат.

Факультетте илимге, тарыхка кызыккан студенттерге жаштар комитети менен бирге даталуу күндөргө байланыштуу илимий-усулдук семинарлар, тегерек стол, викторина ж.б. иш чаралар системалуу өткөрүлүп турат. Курстук жана дипломдук иштердин аткарылышы, сапаты, актуалдуулугу илимий жетекчилер тарабынан көзөмөлгө алынган. Ар жыл сайын традициялуу түрдө факультетте илим жумалыгы өткөрүлүп, студенттердин илимий баяндамалары жасалууда.

Адистик жана предмет боюнча өткөрүлгөн олимпиадалардын жыйынтыктарын берүүдө. Өткөрүлгөн регионалдык олимпиадага факультеттин окутуучулары тарабынан 2 курама команда (тарыхчы жана тарыхчы эмес) даярдалган. Студенттер республикалык, аймактык, эл аралык олимпиадаларга ж.б. илимий иш-чараларга атайын баяндамалары, макалалары менен катышууда жана дипломдор, сертификаттар, баалуу белектер менен сыйланышууда. Ошондой эле, студенттер ички жана тышкы мобилдүүлүк программаларынын алкагында Кыргызстандын жети дубанына, Турция, Кытай сыяктуу чет өлкөлөргө чыгып билим алып, тажрыйба алмашып келишүүдө.

Факультеттин, кафедралардын мүчөлөрү Кыргызстандын чегинде конференцияларга, симпозиумдарга, форумдарга ж.б. илимий иш-чараларга катышууда жана илимий сапарларга чыгууда, стажировкаларда болууда. Факультеттин илимий-изилдөө иштеринин көлөмдөрү өсүп, КМШ өлкөлөрү, чет мамлекеттери менен илимий жана чыгармачылык байланыштар түзүлгөн.

Сиздерди терең урматтоо менен илимий ийгиликтерди каалап, т.и.к., доцент Гульназ Чыныкеева