• Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер

      Чыгыш таануу жана тарых факультетинин тарбиялык иштери
     

Урматтуу студент достор!!!

Студент жаштарды тарбиялоо – Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүдө маанилүү иш болуп эсептелет. Келечектеги коомду түзүү - бүгүнкү жаштарга кандай билим, таалим-тарбия бергенибизден көз каранды. Бирок ал адистин ички адеп-ахлактык жүрүм-туруму, гуманисттик жан дүйнөсү, Ата Мекенине болгон сүйүүсү, дүйнөгө болгон көз карашы, турмуштагы тутунган принциптери кандай болот? Ошондуктан билим алып жаткан ар бир студентти белгилүү бир кесипке ээ кылып гана тим болбостон, Мекенин, улутун, мамлекеттик тилин сүйгөн патриот инсанды калыптандырып чыгаруу да жогорку окуу жайынын негизги милдеттеринин бири. Студент үчүн жогорку окуу жайы билим алуунун гана ордосу эмес, ар тараптуу өсүп жетилүүнүн, инсандык баалуулуктарды өзүнө сиңирүүнүн, интеллигенттүүлүккө, жогорку маданиятка калыптануунун курагы. Университетте системалуу тарбия процессин уюштуруу зарыл жана аны ишке ашыруу ЖОЖдо эмгектенген ар бир профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик милдети болуп эсептелет. Тарбия иши өз алдына студенттерди жогорку жарандуулук, моралдык-нравалык, эстетикалык, дене жана психологиялык жактан жетилген, коомдун социалдык жана педагогикалык талаптарына ылайык келген жүрүм-турумга үйрөтүүнү максат кылат.

Чыгыш таануу жана тарых факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Канат Рыскулов