• Практика иштери

Практика иштери

//base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20230428101423-gulnaz.jpeg //base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20230428101423-gulnaz.jpeg       Тарых жана социалдык иштер факультетинде педагогикалык практикалардын сапатын жакшыртуу максатында адаптациялык-педагогикалык, профилдик-базалык, кесиптик-профилдик практикаларды аткаруу боюнча бакалавр багыты үчүн атайын жумушчу программалары, силлабустары кайрадан иштелип чыкты. Бүгүнкү кундө сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери практикаларын өтүүдө усулчу окутуучулар тарабынан жекече кошумча тапшырмалар берилет. Ал эми күндүзгү бөлүмүнүн 3-4-курстарынын студенттери тиешелүү практикаларын Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун мектептерине өтушуудө. Практикантар үчүн жакшы шарттар түзүлүп, практиканын сапаты бир кыйла сапаттуу аткарылууда. Практика аяктаган сон, студенттерден анонимдүү анкеталарды тапшырылат жана андагы көйгөйлөр анализденип кийинки практикада эске алынат. Усулчулар: Кадыров Т., Ж. Адилбаев, Айтбаев Т., Н. Маразыков, Осмонова Б., А. Апышова, Чыныкеева Г, А. Дүйшөнбаева, Жумашова Г., Маманов М студенттер менен тыгыз байланышта болушуп, усулдук жардамдарды көрсөтүүдө. Мындан сырткары педагогика жана психология кафедраларынан да тиешелүү усулчулар дайындалат. Студенттердин жеткиликтүү билимдерине жакшы баалар берилип, №101 К.Момбекова, №18 А.Навои, Билим лицей, №52 Кыргыз-Түрк достугу, №42 Керме-Тоо, №50 Нышанов, №8 Нариманов, “Жетиген” мектеп-лицейи, №38 Б.Алыкулов ж.б. мектептердин жетекчилери, мугалимдери тарабынан жакшы сөздөр айтылууда. Төмөндө социалдык-экономикалык билим берүү багытынын педагогикалык практикалардын программалары, баалоо каражаттарынын фонду ж.б. материалдар тиркелет.
       Педагогикалык практика бөлүмүнүн башчысы: Маманов Муратали Абдиллаевич
.


Адаптациялык-педагогикалык практика
Проф.-базалык практика
Проф.-проф. практика
Практика-БКФ-бакалав
Практика-окуу-усулдук колдонмо

//base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPEG-20230428101423-gulnaz.jpeg