• Окуу-усулдук кеңеш

Окуу-усулдук кеңеш

      Тарых факультетинин окуу-усулдук иштери
Тарых факультетинде 550400 Социалдык -экономикалык билим берүү багыты боюнча бакалавр баскычындагы адистерди даярдайт. Окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмүндө 4 жыл, сырттан окуу бөлүмүндө 5 жыл. Окутуунун түрү экөө. Күндүзгү жана дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмдөрү иштейт. Ошондой эле магистратура жана колледж (9, 11 база) күндүзгү окуу бөлүмдөрүбүз бар. Факультетте «Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология» жана «Жалпы тарых жана ТОУ» эки бүтүрүүчү кафедраларында илимий потенциалы жогору, көп жылдык бай тажрыйбага ээ болгон, такшалган илимпоз окутуучулар атап айтканда т.и.к., профессорлор: Смадияров С.А., Адилбаев Ж,А., Кадыров Т.Д., т.и.к., доценттер: Ташмаматов Ө.А., Осмонова С.К., Султанова А.Т., Султанова М.Ш., Сатыбалдиева Ч.Т., Арстанов С.А., Шаанов Т.Ш., Жумашова Г.С., Чыныкеева Г.Э., Апышова А.К., Дүйшөнбаева А.Б., Маразыков Н.М.; улук окутуучулар: Ураимов У.У.,Айтбаев Т.А., Эрмекбаев К.Э.,Осмонова Б.А., Адылбекова Б.А., Алтымышова В.А. жана окутуучулар: Тагайбекова А.Т., Тилекова У.Т., ,Усманов Т.М., Солтоев З.А., Рыскулов К.Р. жана Г.А. Атахановалар эмгектенишет. Эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграциялануу жолунда мезгилдин заманбап талаптарына ылайык Ош МУнун мамлекет, коом, эл алдындагы эң башкы миссиясын иштеп чыгып, өзүбүздүн башкы багытыбыз, милдетибиз, максатыбыз катарында туу тутуп эмгектенип жаткан мезгилде факультеттин окуу-усулдук Кеңеши Ош МУнун АББСДнин жетекчилиги астында мамлекеттик стандарттын негизинде түзүлгөн НББПсына таянып иштелип чыккан жумушчу окуу планына ылайык жана тиешелүү Жоболордун негизинде жумушчу программаларын, силлабустарын, окуу- усулдук комплекстеринтерин, баалоо каражаттарынын фонддорун, адабияттар фондун ж.б.у.с. иш кагаздарын даярдашкан. Компетенттүүлүк мамиле менен заманбап билим берүү процессинде сапаттын кепилдигин камсыздоо; билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын дүйнөлүк мейкиндигине интеграциялануу; жаштарда адептик, маданий жана илимий баалуулуктарды калыптандыруу максатында ар бир окутуучу жоопкерчилик менен иштөөдө. Кафедраларда окуу-усулдук иштер боюнча жооптуу окутуучулардын календардык иш планы окуу жылынын башында кафедранын жыйынында талкууланып, бекитилген жана ал жумуштарды ишке ашырууда окутуучулар жигердүү эмгектенүүдө. График боюнча ачык сабактар өткөрүлүп турат. Ошондой эле жыл сайын Ош МУнун «Мыкты лектору», «Мыкты окутуучу», «Мыкты ОУК» конкурстарына катышабыз. Көргөзмөлүү лекциялар, практикалык сабактар уюштурулуп турат. Окутуунун жаңы технологияларын колдонууда, электрондук досканы пайдаланууда тажрыйба алмашуу максатында өз ара сабактарга катышып турушат.Толтурулган бланкалар тиркелген. Факультеттин профессордук- окуучулар курамынын окуу-усулдук колдонмолору жыл сайын жарыкка чыгып турат. Алсак, 2017-2018-окуу жылында «Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология» кафедрасынын доценти, т.и.к. Осмонова Самара Курбаналиевнанын, «Жалпы тарых жана ТОУ» кафедрасынан Апышова Аида Кабыловнанын экиден окуу-усулдук колдонмолору жарык көрдү. Окуу планына ылайык студенттер практикалардан (археологиялык, этнографиялык, архивдик, музей жана педагогикалык ) өткөрүлүп турушат. Аларга окуу-усулдук жардамдар жакындан көрсөтүлөт. Окутуучу-профессордук курам квалификациясын өркүндөтүү багытында жыл сайын ар түрдүү семинарларга катышып турушат. Мисалы, 2017-жылы 28, 29, 30-сентябрь күндөрү Ош шаарында АГА ХАН фонду (Кыргыз Республикасы) тарабынан түштүк региондун тарыхчыларына уюштурулган «История и память: Мастер-класс для преподавателей истории» деп аталган тренингке доценттер Султанова М.Ш., Султанова А.Т., Сатыбалдиева Ч.Т. жана улук окутуучу Адылбекова Б.А. катышып, сертификаттарга ээ болушту. 23, 27 ноябрь күндөрү «Эл баасы» аккредитациялык агенттиги тарабынан өтүлгөн 16 сааттык «өздүк баалоону уюштуруу жана отчетту даярдоо программасы» боюнча семинарга факультеттен 20 окутуучу (Смадияров С.А., Адилбаев Ж.А., Кадыров Т.Д., Ташмаматов Ө.А., Султанова М.Ш., Сатыбалдиева Ч.Т., Осмонова С.К., Жумашова Г.А., Дүйшөнбаева А.Б., Шаанов Т.М., Ураимов У., Айтбаев Т.А., Эрмекбаев К., Осмонова Б., Адылбекова Б., Алтымышова В., Тилекова У., Рыскулов К., Умаралиев Элдарбек, Салиева Э.) катышып, сертификаттарын алышты. 2018-жылдын январь айында Ош МУда уюштурулган 72 сааттык тренинг-семинарга 12 окутуучу (Султанова М.Ш., Сатыбалдиева Ч.Т., Дүйшөнбаева А.Б., Шаанов Т.М.,Жумашова Г.С., Чыныкеева Г.Э., Тагайбекова А.Т.,Тилекова У.Т., Рыскулов К., Абдырахманова А.А., Жапарова А., Атаханова Г.А.,), 36 сааттык тренинг-семинарга 3 окутуучу (Ураимов У.У., Адылбекова Б.А., Алтымышова В.А.) окуп келишти Ош МУнун ректораты уюштурган «Дистанттык технологияларды колдонуу менен окуу процессин уюштуруу» деп аталган тренинг-семинарга Султанова М.Ш., Осмонова С.К., Жумашова Г.С.,Чыныкеева Г.Э., Эрмекбаев К.Э., Усманов Т.М., Тагайбекова А., Тилекова У., Рыскулов К., Абдырахманова А.,Салиева Э. катышты. Жыл сайын 1-курстарга мониторинг өткөрүлөт. Калган курстарга окулуп бүткөп дисциплиналар боюнча тесттик текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыктары чыгарылып, талкууланып, ага жараша чаралар көрүлүп турат. Ар бир курста курстук иштер жазылат. Бүтүрүүчү курстар квалификациялык бүтүрүүчү жумуштарын (дипломдук иштерди) аткарышат. Алардын темалары кафедраларда талкууланып, бекитилет. Студенттер өз алдынча илимий изилдөө иштерин жетекчилердин көзөмөлү астында жүргүзүшөт. Жылына «Окутуучу студенттин көзү менен» сурамжылоо өткөрүлүп турат. Стейкхолдерлер менен жолугушуулар өткөрүлөт. Мындан тышкары мурунку бүтүрүүчүлөрүбүз менен байланыштабыз жана тарых адистигине кызыккан мектеп окуучулары келип консультация алып турушат.Мисалы, 2017-жылы октябрь, ноябрь айларында Кара-Суу районуна караштуу Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин окуучулары Ураимов У., менен Ош шаарындагы А.Навои, Макаренко орто мектептеринин окуучулары Султанова А.Т., Арстанов С.А менен тыгыз иштешти. Сиздерди терең урматтап,