• Биз жөнүндө
  • Факультеттин миссиясы, максаты, милдети жана тарыхы

Факультеттин миссиясы, максаты, милдети жана тарыхы









Миссия факультета – подготовка высоко-квалифицированных, конкурентноспособных специалистов в области социально- экономическое образования по профилю история.

Цель факультета – подготовка педагогических кадров вышего звена по профилю история, способных решать профессиональные задачи непрерывного компонентностно-орентированного образования в условиях быстро меняющегося мира.

Задача факультета – стать кузницей эрудированных кадров, способных конкурировать на национальном и международном уровнях. Привить каждому студенту умение учиться, умение жить, умение созидать.

История факультета - Исторический факультет, можно сказать, ровесник нашего вуза. В 1939-году, когда был открыт двухгодичный Ошский учительский институт, в его составе были открыты 3 факультета: историко-филологический, физико-математический и биолого-географический. Но истфак существовал с перерывами. Например, когда в 1951-году Ошский учительский институт был преобразован в Ошский государственный педагогический институт (ОГПИ) в его составе исторического факультета уже не было. В 1960-году в ОГПИ вновь был открыть исторический факультет, который функционировал до 1969-года. В этом году из-за внутренних интриг факультет был закрыт и переведен в г. Фрунзе.

В 1985-году в составе филологического факультета ОГПИ было открыто историческое отделение. В 1988-году оно было преобразовано в самостоятельный факультет и функционировал до 2006-года. В 2006-году факультет стал историко-философским, а с 2008-года историко-юридическим. В 2014- году 5-сентября по приказу ректора исторический факультет снова стал самостоятельным факультетом.

Учебено-воспитательный процесс и научнро-исследовательскую деятельность на факультета осуществляют три специализированных кафедр- “История Кыргызстана”, “Всеобщей истории и методики преподавания истории”, “Архелогии, этнологии и история Центральной Азии”.

Свою по сильную лепту в работе факультета вносять и общественные организации – учебно-методический совет, профсоюзная организация, женский совет, молодежный комитет, органы студенческого самоуправления.

В разные годы руководителями факультета (деканами) были: В 60-годы – К. Камчыбеков, Д. Эгемназаров, а с 1985 по 1992годы – Т. Кененсариев, 1993-1998 гг. – Ш. Базарбаев, 1998-2000 гг. – У. Чотонов, 2000-2006 гг. – Т. Кадыров, 2006-2008гг. – Ж. Адилбаев, 2008-2009гг. – Э. Токторов, 2009-2014гг. - Г. Кулдышева, а 2014-2019 гг. - С.А.Смадияров.

 В данный момент и.о. декана факультета востоковедения и истории является к.и.н., доцент С.А. Арстанов.

Выпускники истфака работают в разных отраслях народного хозяйства Кыргызстана. В основном выпускники истфака работают в системе образования: в школах, вузах, ссузах и в научных учреждениях. Среди них много ученых, имеющих ученую степень и ученое звание (кандидаты наук. доценты).






Факультеттин миссиясы – тарых профили боюнча социалдык-экономикалык билим берүү багытында атаандаштыкка туруштук бере алган, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Факультеттин максаты – ааламдашуу процессинде тез өзгөрүлүп турган замандын шарттарында компетенттүүлүккө багытталган кесипкөй, заманбап педагогикалык тармактагы адистерди даярдап чыгаруу.

Факультеттин милдети – улуттук жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук берген татыктуу кадрларды даярдоочу устат болуу. Ар бир студентти окууга, жашоого, чыгармачыл болууга үйрөтүү.

Факультеттин тарыхы - Чыгыш таануу жана тарых факультети университеттин курамындагы алгачкы структуралардан болуп, 1939-жылы Ош мугалимдер институту ачылганда анын курамында тарых факультети катары түзүлгөн. 1941-жылы Ош мугалимдер институтун аякташкан алгачкы 33 бүтүрүүчүнүн 9у тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрү болушкан.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 1942-44 - жылдары Ростов университети эвакуацияланып келип, Ош мугалимдер институту менен чогуу бир окуу жай катары иштеп турган. Европалык илим-билимди алып жүргөн ростовдук илимпоздор, алардын арасында тарыхчылар жергиликтүү илимий билим берүүгө чоң таасирин тийгизишкен. Белгилей кетсек, 1944-жылы май айында Ростов университети өз мекенине көчүп кеткенде, алардан Ош мугалимдер институтунда иштеп калышкан үч окутуучусунун бири – тарых илимдеринин кандидаты Я.Г.Рубин болгон.

Согуштан кийинки мезгилде факультеттин курамында “СССРдин жана Кыргыз ССРинин тарыхы” жана “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу” кафедралары иштеп турган. 1947-жылы белгилүү тарыхчы, профессор А.Н. Бернштам Ош мугалимдер институтуна келип, студенттерге “Кыргыз элинин тарыхы” деген темада лекциялардын курсун окуп кеткен. Бул мезгилде факультетте С.Камалов, И.Джилкичиев, А.Хашагульгов, Н.Игликов, А.Айнабеков, К.Тилегеновдор эмгектенишкен.

1951-жылы Ош мугалимдер институту педагогикалык институт болуп кайра түзүлгөндө, тарых адистиги жабылган. 1960-жылы институтта тарых адистиги тарых-филология факультетинин бөлүмү болуп кайрадан ачылган. 1964-жылы бөлүм өз алдынча тарых факультети болуп түзүлгөн. Бирок айрым саясий себептерден улам 1969-жылы тарых факультети кайрадан жабылып, студенттер Фрунзе шаарында жайгашкан КМУнун тарых факультетине которулушкан.

Бул жылдары тарых факультетинин декандык кызматын Д. Эгемназаров, К.Камчибеков, А.Чонтаева, Ж. Алтымышбаевдер аркалашкан. 1964-1969-жылдары факультеттинкурамындагы “Тарых” кафедрасын т.и.к., доцент И. В. Гришков жетектеген. Факультетте бул кезде өз кесибине берилген жогорку профессионалдуу адистер А.Л. Кац, В.Ф. Шелике, Ю.Н. Клейманов, Д.Э. Эгемназаров, О.К. Кулатов, Е.Т. Федина жана башкалар эмгектенишкен.

Заман талабына ылайык, 1985-жылы тарых адистиги Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында кайрадан ачылган. 1988-жылы тарых бөлүмү өз алдынча факультет статусуна ээ болуп, т.и.к., доцент Ташманбет Кененсариев факультеттин декандык кызматына шайланган. Бул учурда факультеттин структурасында 2 кафедра: “Жалпы тарых” (жетекчиси – Т.Нурдинова) жана “СССР тарыхы” (жетекчиси – Д.Эгемназаров) түзүлгөн. Окутуучулардын жалпы саны 18, алардын ичинен 5 илимдин кандидаты болгон. Факультетте окуу-тарбиялык иштер менен бирге Кыргызстандын тарыхы, археология жана нумизматика илимдеринин актуалдуу маселелерин изилдөөгө көңүл бурула баштаган. Илимий изилдөө иштеринде профессор Т.Кененсариев, доценттер Э.Сулайманов, А. Табышалиевалар чоң салым кошушкан.

1992-жылы окуу жайыбыз Ош мамлекеттик университети болуп кайра түзүлгөндө факультет “Тарых-укук факультети” болуп өзгөртүлгөн. 1993-1998-жылдары филос.и.д., профессор Ш. Базарбаев, 1998-2000-жылдары тар.и.д., профессор У.Чотонов, 2000-2006-жылдары тар.и.к., доцент Т. Кадыров факультетти жетектешкен. Бул учурдагы факультетте төрт кафедра: “Кыргызстан тарыхы” (башчысы тар.и.к., доцент С.Смадияров), “Жалпы тарых” (башчысы тар.и.д., профессор Б.Нурунбетов), “Археология жана этнология” (башчысы тар.и.к., доцент К. Малтаев), “Тарыхты окутуунун усулу” кафедрасы (башчысы тар.и.к., доцент Т.Өмүрзакова) болгон.

2006-жылы тарых-философия факультети түзүлүп, аны тар.и.к., доцент Ж.Адилбаев жетектеген, 2008-жылы кайрадан юридика адистиги бириктирилип, факультет тарых-юридика болуп өзгөрүп, 2008-2009-ж.. ю.и.к., доцент Э.С.Токторов, 2009-2014-жж. ю.и.д., профессор Г. Кулдышевалар жетектеген. Ал мезгилде факультетте тарых, юриспруденция, бажы иши, социалдык иштер адистиктери даярдалган.

2014-жылы сентябрь айында тарых факультети өз алдынча факультет болуп түзүлүп, 2019-жылга чейин тар.и.к., доцент С.А.Смадияров жетектеген. 2019-жылы факультет чыгыш таануу жана тарых факультети болуп түзүлүп, сентябрь-декабрь аралыгында декандын милдетин аткаруучу болуп та.и.к., доцент Ж.С.Бөтөнөев иштеген. 2019-жылдан тар.и.к., доцент С.А.Арстанов жетектеп келүүдө.