• Кафедралар
  • Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология

Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология

Урматтуу замандаш!

Ар бир кесип ардактуу дегендей, кесиптин мыктысы болсоң сага бүткүл ааламдын жолдору жана сырлары ачылат. Мезгилдин ар кандай талаптарына, турмушубуздун заманбап технологияларында иштеп кете алган, ар түрдүү тармактагы дасыккан, эл аралык деңгээлдеги тарыхчы болгусу келген тараптар Тарых факультетине келсеңер жаңылбайсыздар.

“Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасы ар бир студентти билимге, илимге, маданияттуулукка, өнөргө, коомдук иште жөндөмдүүлүк көрсөтүүсүнө, лидерликке тарбиялоого толук мүмкүнчүлүгү бар кафедра. Мындан сырткары студенттерди эл аралык деңгээлдеги ар кандай археолгиялык казуу иштерине жана этнографиялык практикаларга жана заманбап технологиялардын негизинде коомубуздун, мамлекетибиздин келечегине кайдыгер карабай турган адистерди чыгарууга көмөктөшүүдөбүз.

“Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” кафедрасынын эмгек жамааты