Профессордук-окутуучулук курамы

Кадыров Турдумамат Дыйканбаевич т.и.к., профессор, кафедра башчы– 1957-жылы 10-майда Жалал облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Жаш Ленин айылында туулган. 1965-1975-жылдары Кызыл –Ай орто мектебинде окуган. 1975-1977-жылдары СССРдин Кызыл Армиясында кызмат өтөгөн. 1977-1979-жылдары Базар-Коргон районуна караштуу Фрунзе колхозунда – колхозчу болуп эмгектенген. 1980-1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетинде студент болгон. 1985-1986-жылдары Ош совхоз техникумунда окутуучу. 1986-1989-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институнун КПССтин тарыхы кафедрасынын окутуучусу. 1989-1992-жылдары Кыргыз улуттук университетинин күндүзгү бөлүмүнүн аспиранты. 1993-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон. 1993-1994-жылдары ОшМУнун Тарых факультетинин деканынын сырттан окуу боюнча орун басары. 1994-1996-жылдары КУУнун Оштогу филиалынын директору. 1997-2000-жылдары Тарых факультетинин Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы. 1999-жылы Тарых адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамын алган. 2000-2006-жылы Тарых факультетинин деканы. 2000-2007- жж. Эл аралык мамилелер жана мамлекеттик кызмат факультетинин деканы. 2007-2010-жылдары ОшМУнун биринчи проректору. 2010-2012-жылдары Археология, этнология кафедрасынын профессору. 2012-жылдан бери Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын башчысы.
Адилбаев Жумали Адилбаевич т.и.к., доцент, ОшМУнун профессору: 1948-жылы 6-августта Ош облусунун, Кара-Кулжа районундагы, Сары-Камыш айылында туулган. Орто билимди Кара-Кулжа мектебинен алып, 1966-жылы Ош Мамлектеттик Педагогикалык институтуна тарых адистигине тапшырган. 1969-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетине которулуп, тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле факультетте окутуучулук кесипте эмгек жолун баштаган1970-1992-жылдары КМУнун окутуучусу, улук окутуучу катары эмгектенип “Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы” боюнча дарс окуп, педагог катары такшалган. Өзүнүн педагог, тарбиячы, илимий изденүүчү болуп жетекчилике Ж. Адилбаев “улуу адамдар” КАТАРЫ Рыскулов А. Р., Тутлис П. А. жана Аттокуров С. А. өзгөчө белгилейт. 1992-жылы “Кыргызстандагы кесиптик-техникалык окуу жайларында квалификациялуу жумушчу кадрларын даярдоо” боюнча кандидаттык диссертациясын коргоп, ошол эле жылдан эмгек жолун Ош Мамлекеттик университетинде улантат. Адегенде тарых-юридика факультетинин Жалпы тарых кафедрасында улук окутуучу, доцент, ошол эле кафедра башчысы. 1994-жылдагы Кыргыз Улуттук университинин экономикалык жана юридикалык кадрларды кайра даярдоо институнун Оштогу филиалынын алгачкы директору, 1996-1998-жылдары юрфактын деканы, 2000-2006-жылдарда ОГПИнин гуманитардык факультетинде декан, 2006-2008-жылдарда кайрадан ОшМУда тарых-философия факультетинин деканы кызматтарын аркалаган. Адилбаев Ж. бардык иштеген окуу жайларында уюштуруучулук жөндөмү, ак эмгекти, адамгерчилик сапатты бийик карманып, ондогон шакирттерде, жүздөгөн окуучуларга билим тарбия берип келе жатат. 48 жылдан бери педагогикалык кесипте эмгектенип студенттер жана мектеп мугалимдери үчүн 6 окуу китептер, окуу-усулдук колдонмоло, 60 тай илимий макалалардын автору. Тынымсыз өз кесиптик билимин жогорулатып келет, изденүүчүлүк аракети анын түрдүү курстарга, лекция, төгөрөк стол, талкууларга катышуусу аркылуу жүзөгө ашып келет. Алсак, 1975,1980, 1986-жылдары Ломоносов атындагы Москвадагы университетинин азия жана Африка өлкөлөрүнүн институтунда 3 айлык курстардан өткөн. ОшМУда эмгектенген учурда дагы 2016-жылы апрелде Кытайдагы Шаньхай жана Үрүмчү университеттеринде болуп тажрыйба алмашып келген. Ал эми окутуунун жаңы технологияларына байланышкан курстардын бир тобунан билимин толуктады. Педагогикалык мобилдүүлүк жаатында “Чыгыш таануу” кафедрасынын чакыруусу менен 2017-жылдын 12-декабрнда “Чыгыш жана Африка таануу”, ошондой эле аймак таануу адистиктеринде окуган студенттерге конок лекция окуп келген. Профессор Ж. Адилбаевдин педагогикалык жана илимий эмгеги бааланып бир нече юбилейлик медалдар, дипломдор, грамоталар жана наамдарга татыктуу болгон. Алса: 2003-жылы “КРнын билим берүүнүн мыктысы”, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы; 2007-жылы ОшМУнун “Эң мыкты лектору” деген диплому; 2008-жылы ОшМУнун Ардак Грамотасы; 201,2013-жылдары КР УИА ТБнын грамотасы жана Ардак грамотасы ж. б. сыйланган. Адилбаев Ж. 5 бала, 12 неберенин атасы, чоң атасы. ОшМУнун Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын профессору. Бакалвар академиялык билим басыкычында окуган студенттерге “Чыгыштын соңку тарыхы”, ал эми магистратурада “Дүйнөлүк цивилизациялардын тарыхы” жана “Билим берүүнүн философиялык көйгөйлөрү” – деген аталыштагы курстарды окуйт.
Дүйшөнбаева Аида Байышевна т.и.к., доцент – 1980-жылы 18-апрелде (Фрунзе) Бишкек шаарында туулган. 2003-2008-жылдары ОшМУнун аспиранты. “Кыргыз почтасынын тарыхы” деген теманын үстүндө иштөө менен почтага байланыштуу, 30дан ашуун илимий макалалар 6 окуу-усулдук колдонмо жана 2 монографиясы жарык көргөн. Ал эми 2008-жылы бул багытта илимий иш корголгон. 2011-жылы илимий изилдөө багытын нугу 2 бапка бурулуп, почта байланышына түздөн-түз тиешеси бар Массалык маалымат каражаттары изилдене баштаган. Бүгүнкү күндө Суверендүү КР массалык маалымат каражаттарынын тарыхы каралган. Буга байланыштуу илимий макалалар жарык көрүп, архивдик-музейдик материлдар пайдаланылган 1986-1991-жылдары Бишкек шаарындагы №64 гимназиясынын окуучусу, 1991-1997-жылдары Кара-Кулжа районундагы Т. Кулмаматов орто мектебинин бүтүрүүчүсү. 1997-2002-жылдары ОшМУнун, Тарых факультетинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасынын окутуучусу. 2009-жылдан Тарых факультетинин “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынын окутуучусу, т. и. к., доцент болуп иштеп келе жатат. .
Жумашова Гулзада Султановна т.и.к., доцент- 1983-жылы 20-январда Ош облусуна караштуу өзгөн районунун Кеңеш айылында туулган. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 2006-жылы артыкчылык диплому менен ийгиликтүү аяктаган. Ошол жылдан тарта эле ОшМУнун тарых-юридика факультетинде эмгектенүүдө. “Таш-Көмүр шаарынын тарыхы (1918-2008-жж)” деген темадагы кандидаттык диссертациясын 2012-жылы ийгиликтүү жактаган. “Кыргызстандагы кичи шаарлардын мамлекеттик өнүгүүсүндөгү орду жана ролу (Жалал-Абад областынын мисалында 1991-2013-жж.)” деп аталган доктордук диссертациясынын үстүндө иштөөдө. Студенттерге Жаңы мезгилдин тарыхы (батыш), Соңку жаңы мезгилдин тарыхы (батыш) предметтерин окутат. Учурда социалдык-экономикалык билим берүү багытындагы магистр программмасынын жетекчиси. Диисертацияны коргогондон кийин илимий-педагогикалык практикада кеңири колдонулган 40 илимий жана 2 окуу методикалык эмгектери жарыка чыккан, анын ичинде: Таш-Көмүр шаары: мезгил, доор жана инсандар (1918-2012-жж.). – Бишкек 2012. – 185 б. Жаңы мезгилдин тарыхы (1640-1871-жж.) (окуу китеби) – Бишкек, - 2015. 201 бет. .
Эрмекбаев Кубаныч Мамасалиевич улук окутуучу - 1960-жылы 26-февралда Ош облусуна караштуу Кара –Кулжа районунун Буйга айылында туулган. 1983-жылы КМУга тапшырып, 1988-жылы ийигиликтүү аяктаган. Ушул эле жылдан тартып ОшМПИнин тарых факультетинде окутуучулук ишин баштаган. “Кыргыз тарыхын окутууда регионалдык материалдарды пайдалануунун методдору” деген темадагы илимий иштин үстүндө эмгектенет.үй бүлөлүү 5 баланын атасы.
Осмонова Бактыгул Абдылдаевна улук окутуучу – 1966-жылы 6 –майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1988–жылы ийгиликтүү аяктаган. 1988-жылдан тарта ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. Студенттердин сүйүктүү эжекеси. “Нооруз кыргыздардын календардык майрамы” деген илимий теманын үстүндө эмгектенет.үй бүлөлүү 4 баланын энеси.
Маразыков Нурабидин Камчыевич т.и.к., доцент- 1970-жылы 26-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Маданият айылында туулган. 1991-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1998-жылдан бери ОшМУнун тарых факультетинин “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасынында улук окутуучу болуп эмгектенетүү менен бирге “XIX –кылымдын аягы XX-кылымдын башындагы түштүк Кыргызстандагы традициялык турак жайлар” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. үй бүлөлүү 3 кыз, 1 уулу бар.
Апышева Аида Кабыловна т.и.к., доцент -1973-жылы 28-сентябрда Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 1992-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1997–жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 1998-жылдан тарта ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу болуп иштеп келе жатат. “XX-кылымдын 20-30-жылдарындагы Кыргызстандагы оторукташуу проблемалары” деген темадагы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. үй бүлөлүү 2 уулдун энеси.
Чыныкеева Гүлназ Эргешалиевна 1975-жылы 3-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кербен айылында төрөлгөн. Билими жогорку.1992-жылы №32 «Ильич» атындагы орто мектепти күмүш медаль менен аяктаган соң, Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 1997-жылы «тарых» адистиги боюнча окутуучу квалификациясына ээ болгон. 1997-жылы февраль айынан Ош Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин «Кыргызстандын тарыхы» кафедрасынын улук лаборанты болуп иштеп, 1997-жылы сентябрь айынан «Чыгыш таануу, социалдык иштер жана жалпы тилдер кафедрасынын» усулдук кабинетинин башчысы, 1999-жылы сентябрь айынан окутуучу болуп эмгектенген. 2001-жылдан баштап «Археология жана этнология» кафедрасында окутуучу, 2003-жылдан тартып ОшМУнун Окумушуулар Кеңешинин чечиминин негизинде улук окутуучу болуп шайланган. Учурда “Жалпы тарых жана ТОУ” кафедрасында эмгектенүүдө. Ал «Россиянын тарыхы» окуу курсу боюнча лекция окуйт жана практикалык сабактарды өтөт. Окутуучулук ишинде өзүнүн билимин жана педагогикалык тажрыйбасын жогорулатуу максатында усулдук семинарларга катышып турат. 2015-жылы 24-январда изденүүчү катары «Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын түштүгүндөгү этнодемографиялык жүрүмдөр (Жалал-Абад облусундагы этносоциологиялык изилдөөнүн негизинде)» деген темадагы кандидаттык диссертациялык ишин ийгиликтүү коргогон. Ал эл аралык, республикалык, жогорку окуу жайлар аралык аймактык-илимий конференцияларга активдүү катышат жана жогорудагы илимий-практикалык конференцияларда баяндамаларын жасаган. Жалпысынан Г.Э. Чыныкееванын 2 монографиясы, 1 окуу усулдук колдонмосу жана 30 дан ашуун макалалары жарык көргөн. Мындан сырткары Чыныкеева Гүлназ Эргешалиевна адис катары студенттердин курстук, дипломдук иштеринин жетекчиси болуу менен бирге педагогикалык жана мамлекеттик практикалардын сапаттуу аткарылышына көнүл бурат. Ал өзүнүн жоопкерчилиги, чынчылдыгы, принципиалдуулугу, эмгекти сүйгөндүгү менен өзгөчөлөнөт жана кесиптештери менен эң жакшы мамиле түзө алат, ошондой эле, студенттердин арасында бийик абройго ээ. Г.Э. Чыныкеева үй-бүлөлүү, бир баланын апасы. Негизги илимий эмгектери: 1. «Тарыхый география» окуу курсу боюнча окуу-усулдук колдонмо. – Ош, 2006. 2. Эгемендүү Кыргызстан: учурдагы демографиялык процесстер // ОшМУнун жарчысы. – 2002. – №5.. 328-333-б. 3. Жалал-Абад областы XXI кылым босогосунда: этнодемографиялык жана этномаданий процесстер // Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган «Улуттук ан-сезим жана мамлекеттүүлүк»: аттуу илимий-практикалык конференциянын материалдарынын жыйнагы. – Ош, 2003. 248-254-б. 4. Кыргызстан жана андагы этностор: Жалал-Абад областындагы этнодемографиялык процесстер // Национальный организационный комитет по проведению Года кыргызской государственности. Тезисы докладов международного форума студентов и молодых ученых. “Кыргызская государственность в системе государственности тюркоязычных государств и степной зоны в целом”: – Ош, 2003. 168-169-б. 5. Кыргызстандын түштүгүндөгү Жалал-Абад областы: калктын өнүгүү динамикасы // Вестник ОшГУ. – 2003. – №7. 130-133-б. 6. Жалалабат областы: учурдагы этнодемографиялык кырдаал (1999-2002-жж.) // Вестник ОшГУ. – 2005. №1. 216-219-б. 7. Жалалабат областындагы миграциянын этникалык аспекттери // Вестник ОшГУ. – 2005. №1. 162-164-б. 8. Башкиры юга Кыргызстана: этнокультурные связи и этнодемографические процессы // «Ulkumuz» sempozyum bildirileri. – Istanbul, 2006. – Yil 3. – Sayi 5. – С. 245-250. 9. Джалал-Абадская область на пороге XXI века: миграционные процессы в 1989-1999 гг. // Вестник ОшГУ. – №2 – 2012. – С. 158-164. 10. Кыргызстандын түштүгүндөгү этнодемографиялык өнүгүү жана азыркы мезгилдеги коомдогу өзгөрүүгө болгон кыргыздардын көз карашы (Жалал-Абад облусундагы этносоциологиялык материалдардын негизинде) // Известия вузов – Бишкек, 2014. – №2. 9-12-б. 11. Этнодемографическое развитие Джлал-Абадской области на современном этапе // ЭДIЛЕТ. – Алматы, 2014. – №3 (49). – С. 149-155. 12. Кыргызстандын түштүгүндөгү Жалал-Абад облусундагы никелешүүдөгү, ажырашуудагы мүнөздүү багыттар жана аралаш никелер. // “Кыргызстан жана Борбордук Азия – баарлашуу мейкиндиги”. Этностор аралык мамилелерди бекемдоонун отмушу, учуру жана келечеги. Кыргызстандын этнологдору менен антропологдорунун II конгрессинин баяндамалары жана макалалар жыйнагы. - Бишкек, 2015. 401-406-б. 13. Жалал-Абад облусундагы шаар калкынын этнодемографиялык өнүгүүсү. // Сулайман Тоо – символ мира и согласия. Вестник ОшГУ. – Ош, 2015. 135-141-б. 14. Жалал-Абад облусунун калкын изилдөөнүн теориялык-методологиялык негиздери жана ыкмалары. // Түрк дүйнөсүнүн залкар ойчулу Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааркесине арналган “Түрк Евразиясындагы жалпылык жана өзгөчөлүк”. Түрктөрдүн заманбап жалпы жана чөлкөмдүк тарыхынын методологиясынын көйгөйлөрү. Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындын материалдары жана башка макалалар. Бишкек, 2015. 74-80-б. 15. Азыркы мезгилдеги Кыргызстандын түштүгүндөгү этнодемографиялык жүрүмдөр (Жалал-Абад облусундагы этносоциологиялык изилдөөнүн негизинде). Монография. УДК: 316.7 (575) (043.3), ББК: 60.75, Ч – 97, Ч 0703000000-16, ISBN 978-9967-33-168-6, Бишкек, “Бийиктик плюс”, 2016. 160 бет. 16. Этнодемографические процессы юга Кыргызстана на современном этапе. Монография. “LAM LAMBERT Academic Publishing RU”, Германия, Берлин, 2017. 85 стр. 17. Чыныкеева Г.Э. Этнодемографические процессы юга Кыргызстана на современном этапе. Международная конференция. The Second International Conference on scientific development in Europe. 23 th December 2016. Austria, Vienna. 33-37 стр. 18. Республикалык, аймактык илимий-практикалык конференциялардын жыйнактарына жарыяланган 30 дан ашуун макала. Сыйлыктары: 1. ОшМУнун грамотасы. 2005. 2. Тарых-юридика факультетинин грамотасы. 2012. 3. ОшМунун акчалай сыйлыгы. 2016. 4. ОшМУнун Алкышы. 2018. .
Айтбаев Тажибай Акматович, улук окутуучу –1958-жылы 13-мартта Ош облусунун Араван районунда туулган. 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин ийгиликтүү аяктаган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин 1997-жылга чейин эмгек жолун орто мектепте тарых мугалими, Араван районунун партиялык комитетинде инструктор, Араван районунун “Пахтачы” совхозунда партиялык кабинетинин башчысы, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп уланткан. 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинде иштей баштаган. Факультетте көп жылдар бою күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү боюнча декандын орун басары кызматында эмгектенген. Учурда “Туштук кыргыздарынын салтык тамак ашы” деген темада илимий изилдөө ишин жүргүзүүдө.
   Маманов Муратали Абдиллаевич, окутуучу – 1994-жылы 17-июнда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык айылында туулган. 2012-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, 2016-жылы ийгиликтүү аяктап, 2018-жылы ОшМУнун магистратурасын бүтүргөн. Учурда КРнын УИАнын аспиранты. Эмгек жолу: 2016-2018-жж. Ош шаарындагы “Жетиген” мектеп-лицейинде тарых мугалими, 2018-2019-жж Кыргыз-Өзбек университетинде окутуучу, 2019-жылдан ОшМУнун тарых факультетинде окутуучу, программа жетекчи, педагогикалык практика жетекчиси болуп эмгектенүүдө. “XIX –кылымдын аягы XX-кылымдын башындагы Кыргызстандын соода мамилелери” деген илимий теманын үстүндө эмгектенет. Жыйырмадан ашуун макала, үч окуу усулдук колдонмонун автору. Бир канча саясий-укутук окуулар боюнча тренингдин катышуучусу. Сыйлыктары: “Жетиген” мектеп-лицейинин “Ардак Грамотасы” Ош областтык Илим, билим кызматкерлеринин профсоюзунун “Ардак Грамотасы” КРнын Билим берүү академиясынын “Ыраазычылык каты” ж.б.