• Эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк

Эл аралык байланыштар жана академиялык мобилдүүлүк

Урматтуу студенттер !!!

Билим алуучу окуу жайын жана келечектеги кесибин туура тандоо - ар бир адамдын жашоосунда абдан маанилүү жана жооптуу учурлардын бири болуп саналат! Алган билимиңердин сапаты келечектеги кесиптик өсүүңөргө, карьераңарга жана коом алдында өзүңөрдү аткарган үлгүлүү иштериңер менен көрсөтүүгө абдан чоң таасирин тийгизет.

Ош мамлекеттик университети Кыргызстандын Түштүгүндөгү жогорку билим берүү мекемелеринин лидери катары таанылып келүүдө. ОшМУнун тарыхы 1939-жылдан башталат. Бүгүнкү күндө ал 30000ден ашуун студенттердин жогорку билим алуусун камсыз кылып келе жаткан өлкөбүздөгү ири билим берүү мекемеси болуп саналат.

Окуу жайыбызда 1500 ашуун окутуучу эмгектенип келүүдө. Алардын ичинен экөөсү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери, 95 илимдин докторлору, профессорлор, 348 илимдин кандидаттары жана доценттер, 33 эмгек сиңирген ишмерлер, 127 Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктылары. Университеттин аймактагы жогорку окуу жайлардын арасында кадыр-барктуу илимий-педагогикалык потенциалга ээ дараметтүү окуу-методикалык жана материалдык-техникалык базасы бар. Алсак, эки-изилдөө институттары, 21 факультет, 4 колледж, 5 башкаруу бөлүмү, Интернетке туташтырылган заманбап компьютерлер менен жабдылган ар түрдүү эл аралык, билим берүү жана маданий борборлор иштейт.

ОшМУ - педагогикалык, гуманитардык, табигый так илимдер, техникалык, медициналык, юридикалык, дин таануучулук, музыка, көркөм сүрөт өнөрү, айыл-чарба, социалдык иштер ж.б. багыттар боюнча жогорку квалификациялуу тажрыйбалуу адистерди даярдоону жүзөгө ашыруучу, уникалдуу өзгөчө университет. Жалпысынан университет бакалавриат жана магистратура, аспирантура жана PhD доктарантура баскычтары боюнча, ар кыл 78 адистикти сунуш кылат. Азыркы учурда ОшМУда 30 000ден бакалавр студенттер, магистранттар, аспиранттар жана PhD доктаранттар окуп жатышат. Окуу жайыбыз эки тараптуу кызматташтык келишимдердин, Эразмус+, Мевлана, ДААД, ШКУУ, ITEC, “Ош декларациясы” ж.б. академиялык мобилдүүлүк программаларынын негизинде көптөгөн чет өлкөлүк, ата-мекендик окуу жайлар, эл аралык өнөктөштөр менен иш алып барат. Учурда Кытай, Пакистан, Түркия, Корея, Индия, Япония, Россия, Тажикистан, Өзбекстан, Казакстан, Сомали, Сирия, Ооганстан, Түркмөнстан, Палестина, Малайзия ж.б. өлкөлөрдөн 2500ден ашуун чет элдик студенттер билим алышууда. Дүйнөнүн 30 өлкөсүндөгү 149 жогорку окуу жайдагы илимий жана билим берүү мекемелери менен кызматташат жана алар менен ар кандай эл аралык программаларды жана долбоорлорду жүзөгө ашырууга катышат.

ОшМУнун эл аралык ишмердүүлүгү дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кирүүгө багытталган. Университеттин 19 кампусу, 9 студенттик жатаканасы жана чет өлкөлүк окутуучулар үчүн мейманканасы Кыргызстандын Түштүгүндөгү Ош шаарында Ак-Бура дарыясын бойлой жайгашкан. Окуу жайдын заманбап жабдыктар менен камсыздалган, бардык шарты бар төрт кабаттуу поликлиникасы жана стоматологиялык клиникасы студенттердин ден соолугуна кам көрөт.

Теория менен практиканын тең ата айкалышын, коомго пайдалуу, керектүү заманбап билим алууга карата түзүлгөн мыкты шарттарды жана дүйнөлүк билим берүү жараянына камыр-жумур аралашып кетүүнүн толгон мүмкүнчүлүктөрүн Сиз ОшМУдан гана таба аласыз. Ийгилигиңизге кадам таштаңыз! Биз Сизди Ош мамлекеттик университетинде күтөбүз!

Дорогие студенты !! !

Выбор университета и будущей профессии - это один из самых важных и ответственных моментов в жизни каждого человека! Ваш профессиональный рост, карьера и возможности самореализации зависит от получения качественного образования.

Ошский государственный университет является признанным лидером высшего образования на юге Кыргызстана. История Ошского государственного университета начинается с 1939 года. По количеству студентов ОшГУ является крупнейшим учебным заведением в стране, предоставляющее высшее образование более чем 30 000 студентам.

У нас работают 1 500 преподавателей, включая академиков и член-корреспондентов Национальной академии наук Кыргызской Республики, 95 докторов наук, профессоров, 431 кандидатов наук и доцентов, 33 заслуженных деятелей КР, 127 отличников образования Кыргызской Республики.

Университет имеет мощную образовательно-методическую и материально-техническую базу, наиболее солидный научно-педагогический потенциал среди высших учебных заведений региона. Здесь функционируют два научно-исследовательских института, 21 факультет, 4 колледжа, административные департаменты, различные международные, образовательные и культурные центры, оснащенные современными компьютерами с доступом в Интернет.

ОшГУ - уникальный и универсальный университет, который занимается подготовкой высококвалифицированных квалифицированных специалистов по педагогическим дисциплинам, гуманитарным наукам, естественным наукам, техническим направлениям, медицине, юриспруденции, теологии, музыке, изобразительному искусству, сельскому хозяйству, социальной работе и другим специальностям. В целом университет предлагает 78 специальностей по различным специальностям, включая бакалавриат, магистратуру, аспирантуру и PhD докторантуру. В настоящее время в университете обучается более 30 000 студентов, магистрантов, аспирантов и PhD докторантов. ОшГУ сотрудничает со многими иностранными и отечественными вузами, международными партнерами на основе двусторонних договоров, а также плодотворно ведет работу по академической мобильности с такими программами как: Эразмус+, Мевлана, ДААД, УШОС, ITEC, “Ошская декларация” и др.

Сегодня в ОшГУ обучается более 2500 иностранных студентов из Китая, Пакистана, Турции, Кореи, Индии, Японии, России, Таджикистана, Узбекистана, Казакстана, Сомали, Сирии, Афганистана, Туркменистана, Палестины и Малайзии и других стран мира. Наш университет поддерживает тесную связь с 149 университетами в 30 странах мира, с их образовательными и научными институтами и участвует в реализации различных международных программ и проектов.

Международная деятельность ОшГУ ориентирована на интеграцию в глобальное образовательное пространство. 19 кампусов, девять студенческих общежитий, гостиница для иностранных преподавателей нашего университета, расположенны на юге Кыргызстана в городе Ош, вдоль реки “Ак-Буры”, Четырехэтажная медицинская клиника и стоматологическая клиника, оснащенные современными технологиями и имеющие все необходимые условия, заботятся о здоровьях студентов.

Отличное сочетание теории и практики, хорошие условия для получения полезного и нужного для современного общества высшего образования и возможности интеграции в мировой образовательный процесс, Вы сможете найти только в ОшГУ. Начните свой путь к успеху! Мы ждем Вас в Ошском государственном университете!