Ассоциация жөнүндө

Чыгыш таануу жана тарых факультетинин бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы – факультетти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн муундарын бириктирген жана динамикалык түрдө өнүккөн уюм, себеби жаштыктын эң сонун мезгили-бул студенттик күндөр. Ар бир бүтүрүүчү үчүн ОшМУ – жалындуу жаштык, сүйүү, сулуулук, жашоонун эң кызыктуу учурлары, эстен кеткис бактылуу күндөр. Бизде бүтүрүүчүлөрдүн потенциалдарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу үчүн эң ыңгайлуу шарттар бар.

Биздин Ассоциациянын негизги максаттарынын бири - бүтүрүүчүлөрдүн арасында кесиптик байланышты тыгыз өнүктүрүү.

Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетинин бүтүрүүчүлөр Ассоциация сынын максаттары.

· ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетин аяктаган жана коомдун ар кандай тармактарында ишкердүүлүк менен алектенген, коомдо ийгиликтерге жетишип, аброю жогору жана актуалдуу маселелерди, анын ичинде билим берүү тармагын өнүктүрүүдө, илим менен маданияттын өнүгүү маселелерин эффективдүү чече алган бүтүрүүчүлөрдү бириктирүү;

· Бүтүрүүчүлөрдү бириктирүү менен бирге алардын коомдогу ээлеген орду, ишмердүүлүгүнө, илимий, өндүрүштүк, кызматтык жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү;

· Бүтүрүүчүлөрдүн арасында ЖОЖ менен сыймыктануу, окуу жайдын ийгиликтерине кубануу менен бирге анын проблемаларын сезе билүү, моралдык саясий, экономикалык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин түшүндүрүү;

· Ош МУда болуп жаткан илимий жетишкендиктер, учурдагы абалы жөнүндө маалымат берүү;

· Факультеттин бардык бүтүрүүчүлөрүнүн корпоративдик кызматташтыкка чакыруу.

Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн ассоциация төмөнкү багыттар боюнча иш алып барат:

  • чыгыш таануу жана тарых факультетинин бардык бүтүрүүчүлөрүн Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын курамында бириктирүү;
  • мыкты бүтүрүүчүлөрдун арасынан Ассоциациянын кенешин түзүү жана ассоциациянын стратегиялык багыттарын пландаштыруу;
  • Бүтүчүлөр Ассоциациясынын базасын түзүү;
  • Факультеттин окуу-усулдук семинарларына, НББПны жана окуу программаларын талкуулоого илимий конференцияларга, тегерек стол ж.б.катышуу;
  • Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик сапаттары коомдун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп берүү үчүн бардык күч аракеттерди жумшоо жана эмгек рыногуна эң мыкты билим берүү программаларын сунуш кылуу;

· Академиялык программалар менен ишкердүүлүк чөйрөсүндө тыгыз байланышты түзүү;