2019-02-13 19:10:54 1863
13-февраль, 2019-жыл. Тарых факультетинин курамындагы "Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү" адистигинде (колледж) иш-чара болуп өттү. Тактап айтканда, бүтүрүүчүлөр менен студенттердин ортосунда ОшМУнун миссиясынын негизги бир бөлүгү болгон жаштарда адептик, маданий жана илимий баалулуктарды калыптандыруу максатында "Менин тандап алган кесибим - ардактуу жана келечектүү" аттуу темада диспут өткөрүлдү. Ага Түштүк аймактар аралык мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин директорунун орун басары Абдрахманова Дилбар жана аталган архивдин башкы фонд сактоочусу Чоголова Бумайрам келип катышып, пикирлерин жана сунуштарын билдиришти. Практика мезгилинде жигердүү эмгектенген жана мактоого татыган студенттер Кадыржан уулу Адилетке жана Таштанова Өмүрканга мекеме тарабынан Ыраазычылык каттар ыйгарылды. Диспут кызуу талкуулар менен коштолду. Белгилеп кетүүчү нерсе, жалпы Кыргызстандын аймагында жогорудагы адистиктеги архивариустарды даярдоону биринчилерден болуп ОшМУнун тарых факультети белсенип, алгачкы адистер даярдалууда.