19-февраль, 2019-жыл. Тарых факультети менен теология факультетинин кызматташтыгы уланууда.

2019-02-19 18:08:48 1723

19-февраль, 2019-жыл. Тарых факультети менен теология факультетинин кызматташтыгы уланууда. ОшМУнун теология факультетинин деканы, саясий и.к., доцент С.Мурзубраимов баштаган окутуучулар жамааты жана студенттери тарых факультетине конокко келип, факультеттин кафедралары, тарых музейи жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Андан соң тарых факультетинин деканы, т.и.к., доцент С.А.Смадияровдун "Энесай кыргыз мамлекети жана Улуу Кыргыз дөөлөтү" жана улук окутуучу У.Ураимовдун "Кыргыз этногенезинин кээ бир маселелери" аттуу темадагы лекциялары угулду жана белектер тапшырылды. Жогорудагы жолугушуу тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түздү жана кызуу талкуулар менен коштолду.