2019-02-20 18:28:42 2014
20-февраль, 2019-жыл. Тарых факультетинин колледжинин "Башкарууну документациялык камсыздоо жана архив жүргүзүү" адистигинин студенти Жумабек уулу Даниал 19-февралда "ОшМУнун мырзасы-2019" аттуу колледждер аралык өткөрүлгөн таймашта III орунду ээлеп, баалуу белектер жана Диплом менен сыйланды. Таймашка колледждерден тандалып алынган 8 мырзанын арасынан өзүнүн чыгармачылыгы, күчү жана билими менен суурулуп чыккандыгын баса белгилеп коюу абзел. Андыктан, Жумабек уулу Даниалга мындан аркы ийгиликтерди багындыруусуна тилектештигибизди билдиребиз.