2019-02-28 19:01:43 1767
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дуйсен Касеинов, Мданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин Ош мамлекеттик университетинде болушту. Жолугушууда алар ОшМУ жана андагы профессордук-окутуучулук жамаат менен жакындан таанышып, пикир алмашты жана Ош шаары 2019-жылы "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыялангандыгын белгиледи. Ректорубуз проф. К.А.Исаков жыл бою жалпы жамаат жигердүү катышууга даярдыктар жүрүп жаткандыгын жана жыл ичинде түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ эл аралык илимий, маданий, спорттук иш-чаралар, фестивалдар, жолугушуулар өткөрүлөөрүн белгиледи.