2014-11-18 13:56:52 3502
Ушул жылдын 10-ноябрында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата ОшМУнун факультеттер аралык шайыр тапкычтар мелдеши өткөрүлдү. Мелдешке катышкан 17 команданын арасынан Тарых факультетинин таланттуу студенттеринен куралган "Легион" командасы байгелүү 3-орунду багынтты. Биздин команда алгачкы жолу катышып жатканына карабай жакшы оюн көрсөтүшкөндүгү келечектен көптү үмүттөндүрөт. КВНчилерге көп ийгиликтерди каалайбыз.