2022-01-21 11:14:32 150
ОшМУнун Чыгыш таануу жана тарых факультетинин Чыгыш таануу кафедрасынын башчысы, доцент Бөтөнөев Жолдошбек Советбекович жана кафедранын улук окутуучусу Шайымкулов Аскар Жумабекович Иран Ислам Республикасынын Аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү жана Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы жана Казакстан Республикасындагы маданий өкүлчүлүктөрү менен биргеликте "Мысли Хаджи Ахмада Ясуи основанные на его книге Сборник Мудрости (Диван хикмет)" деген темада өткөрүлгөн Эл аралык илимий конференцияга катышышып, "Чыгыш ойчулу Кожо Ахмед Ясави жана анын педагогикалык идеялары" деген темада илимий баяндама жасашты. Онлайн форматында өткөн Эл аралык илимий конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан окумуштуулар илимий баяндамалары менен катышышты.