2022-01-25 11:11:52 117
22-январь, 2022-жыл. 2-курстун магистранттарынын илимий-изилдөөчүлүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы жана колледждерде тарых предметин окутуунун милдеттери жана перспективалары деген темада иш берүүчөлөр жана бүтүрүүчүлөр менен семинар болуп өттү. Семинарда "Башкарууну документациялык камсыздоо, архив жүргүзүү жана коомдук илимдер" циклдык комиссиясынын төрайымы т.и.к., доцент Чыналиева Мубарак Иманбаевна “ОшМУнун коледждеринде тарыхты окутуунун көйгөйлөрү” ОшТУнун гуманитардыктехнологиялык колледжинин директорунун окуу бөлүмү боюнча орун басары Тагаев Бекзат Аралбекович “ОшТУнун коледждеринде тарыхты окутуунун абалы” КӨУнин кесиптик колледжинин экономика, укуктук жана коомдук сабактар бирикмесинин башчысы т.и.к., доцент Шералиева Асель Ибрагимовна “КӨЭАУнин колледждеринде тарыхты окутуунун негизги маселелери" деген темада баяндама жасашты.