2023-10-05 09:47:48 277
09.09.2023-жыл. ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин жана Кыргыз-Өзбек университетинин тарыхчы окумуштуулары Өзбекистан Республикасынын Андижан облусунда болуп өткөн "Байыркы Даван сырлары аттуу" археология, туризм форумуна катышып келишти. Форумда Давань мамлекетинин урандыларын, тактап айтканда Миң --Дөбө (археологиялык эстелик) шаарчасы жөнүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Кытайдан келген окумуштуу тарыхчылар илимий маалыматтары менен бөлүшүштү.