"ООГАНСТАН – АПААТ, МУҢ КАЙГЫ"

2025-03-26 09:08:36 3

14.02.2024-жыл. ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин "Жалпы тарых жана ТОУ" кафедрасынын уюштуруусу менен "ООГАНСТАН – АПААТ, МУҢ КАЙГЫ" аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго афган согушунун ардагерлери, полковник Нурматов ЭркиналиТоктосунович Афган, Баткен, Тажикстан согуштарынын ардагери, Улуттар аралык Ош Жалал-Абад келишпестигинин ардагери, Ош облусунун Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, майор Ражапов Орозбай Талипович катышышты. Тегерек стол студенттердин мекенди сүйүүгө, патриоттук сезимдерин, мекен алдындагы милдеттерин дагы бир жолу эске салды. Ардагерлерибизге бекем ден-соолук каалоо менен терен ыраазычылык билдиребиз!