Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу – Алай, 1906-жыл

2025-03-28 06:24:12 7

25.03.2024-ж. Борбордук Азияны Изилдөө Француз Институту (IFEAC) жана Ош Мамлекеттик Университети Гзавье Аллез мырзанын «Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу – Алай, 1906-жыл. Поль Пеллионун жол күндөлүгү жана Шарль Нуэттин сүрөттөрү» (Бишкек: «Улуу тоолор») китебинин бет ачарына, ошондой эле, «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине Париждеги Гиме атындагы Азия искусствосунун улуттук музейинин фондунан сүрөттөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага тарых жана социалдык иштер факультеттин эмгек жамааты жана студенттери активдүү катышышты. 1906 жана 1908 – жылдардын ортосунда Борбордук Азияга жөнөтүлгөн Поль Пеллио мырзанын жетекчилигинде француз илимий миссиясы Борбордук Азияны, Кытайды, буддизмди жана несторианизмди изилдөө тарыхында чечүүчү учур болгон. Париждеги Гиме атындагы Азия искусствосунун улуттук музейинде сакталган жана бул китепте которулган Пеллионун саякат баяндарынан үзүндүлөр 1906-жылдагы Алай кыргыздары тууралуу уникалдуу документти түзөт. Бул китепте Курманжан датканын уулу Асанбектин Пеллио менен өзгөчө жолугушуусу жазылган. Жол күндөлүгү Гзавье Аллез мырзанын комментарийлери жана бул атактуу экспедицияга катышкан Шарль Нуэттин сүрөттөрү менен коштолот. Азыркы Кыргызстандын түштүк аймагында тартылган сүрөттөр башка фото жыйнактардан айырмаланып, али басыла элек. Алар бул китепте биринчи жолу басылып чыгууда.