Студенттердин ийгиликтери

2025-04-01 12:38:39 0

"Сорос Кыргызстан" фондунун колдоосу менен "Акбарак" фонду уюштурган Кыргызстандагы мугалимдерди санарип билим берүүгө жана сергек ой жүгүртүүгө чакырган "Эркин мугалим" долбоорунун республикалык конкурсунда ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинин 4-курсунун студенти Кушбакова Айназик катышып II орунду ээледи. Айназикти жеңиши менен кызуу куттуктап мындан педагогикалык ишмердигине чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз! Аны менен катар "Сорос Кыргызстан" фондунун координатору Эмил Жураев мыкты педагогторду даярдоо менен коомдун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жаткан ОшМУнун Тарых жана социалдык иштер факультетинин жамаатына терең ыраазычылыгын билдирди.