2025-04-01 13:09:21 4
9-апрель, 2024-жыл. ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын окутуучусу Эрмекбай уулу Улукмырза "Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых профили)" адистигинин 2-курсунун студенттерине "Кыргызстан тарыхы (орто кылым)" предметинен Өзгөн археологиялык, архитектуралык музей комплексине сабак-экскурсия уюштурду. Экскурсиянын максаты материалдын студенттерге жеткиликтүү болуусун камсыз кылууну, түшүнүктөрүн жеңилдетүүнү көздөгөн көрсөтмөлүү теория менен практиканы айкалыштырган жана алар менен жакындан таанышып предмет аралык байланышты бекемдөө болду.