«Автономиялуу облустан эгемендүүлүккө: Кыргыз мамлекеттинин түзүлүшү жана өнүгүүсү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция

2025-04-02 07:50:02 6

26.04.2024. А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультети Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Автономиялуу облустан эгемендүүлүккө: Кыргыз мамлекеттинин түзүлүшү жана өнүгүүсү» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясына ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин окутуучулары катышып кайтты. Пленардык жыйында т.и.к, доцент С.А.Смадияров “Өзгөрүш комитети - ККАОнун жогорку мамлекеттик бийлик жана башкаруу органы” деген темада баяндама жасады. Аны менен катар факультеттин деканы, т.и.к, доцент С.А.Арстанов, т.и.к., доцент Г.Э.Чыныкеева, т.и.к., доцент С.К.Осмонова, т.и.к., доцент Г.С.Жумашова баяндамаларды жасашты.