"Алай өрөөнүндөгү жайыт колдонуу технологиясы" деген аталышта конок лекция

2025-04-02 08:34:07 3

10-май, 2024-жыл. Париж социалдык илимдер жогорку мектебинин докторанты Кармен Де Брис ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин студенттерине "Алай өрөөнүндөгү жайыт колдонуу технологиясы" деген аталышта конок лекция окуду. Изилдөөнчү лекцияда Алай өрөөнүндөгү 3 жыл бою өткөргөн талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү. Аны менен катар Кармен студенттерге этнографиялык изилдөө усулдары менен бөлүшүп, кызыктырган суроолоруна жооп берди.