2025-04-02 08:41:49 10
17.05.2024-жыл. Эл аралык илимий конференция. 1873-76-жылдардагы Фергана өрөөнүндөгү элдик кыймылдын жетекчиси Исхак Асан уулу Полот хандын 180 жылдыгына жана тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевдин 75 жылдыгына арналган Эл аралык илимий конференция болуп өттү. Илимий жыйынга республикабыздын жана коншулаш өлкөлөрдөгү беделдүү тарыхчылар, коомдук ишмерлер катышышты.