2025-04-24 11:24:53 0
2024-жылдын 18-июнунда ОшМУнун "Заманбап лектор-2024" кароо-сынагынын финалдык баскычынын экинчи бөлүгүндө мастер-класстар өткөрүлдү. Мастер-класстын жыйынтыгында, эксперттердин баалоосу боюнча 2-орунду Тарых жана социалдык иштер факультетинин доценти, т.и.к. Гүлназ Чыныкеева ээледи. Кароо сынак окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү тарабынан педагогикалык кызматкерлердин чыгармачыл ишмердигин өнүктүрүүгө, чыгармачыл активдүүлүктү жогорулатууга, инновациялык иштелмелерди жана технологияларды колдоого, билим берүүчүлүк ишмердиктеги жетишкендиктерди стимулдаштыруу максатында уюштурулду.