2025-04-24 12:31:22 0
2024-жылдын 20-июнь күнү Тарых жана социалдык иштер факультетинин жетекчилиги менен Борбордук Азия француз изилдөө институтунун директору Адриен Фовдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда эки тараптын ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлду. Кызматташтык илимий-изилдөө жана маданий иш-чаралардын алкагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында гуманитардык жана социалдык илимдер, ошондой эле археология тармагында жүргүзүлөт.