2025-04-24 12:46:09 0
18-июль 2024-жыл. ОшМУда Кыргызстан элинин тарыхий жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун директору т.и.к., доцент К.С.Молдокасымов баштаган КЭРдин Кытай коомдук илимдер академиясынын профессорлору Чу Дунмей, Ци Хуй Цзюнь, Фань Чжицянь, Сун Хаолор менен жолугушуу болуп өттү. Конокторду проректор Аттокуров Курсант Шарабидинович тосуп алды аны менен катар университеттин тарыхчылары да катышты. Байыркы Кытай архивдериндеги Кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарды таап аны которууга жогоруда аты аталган окумуштуулар жакындан жардам берип келишет. Кыргызстандын тарыхы жаңы маалыматтар менен толукталып хронологиялык алкагы кеңее бермекчи.