2025-04-25 07:48:50 0
04.10.2024-жыл. Тарых жана юридика институтунда тарых илимдеринин доктору профессор Б.Дж. Абдрахмановдун "Ош областындагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920- 1953 жж)" аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Эске салсак 1938-жылы "эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү 1991-жылы Чүйдүн Чоң-Таш айылынын чет жакасынан табылып, кепиндеп көмүлгөн. Болот Абдрахманов сөөктөрдү казып алуу иштеринин башында турган.