ZooStan эл аралык экспедиция

2025-04-25 07:54:35 0

ОшМУнун тарых жана юридика институтунун доценти тарых илимдеринин кандидаты Алишер кызы Салтанат сентябрь айында Франциянын улуттук изилдөө борбору (CNRS) жана ZooStan эл аралык институту уюштурган эл аралык археологиялык экспедицияга катышып келди. Эл аралык экспедиция ZooStan лабораториясынын мүдүрү доктор Уиллиам Рендюнун жетекчилигинде өтүп, Франция, Италия, Россия, Өзбекистан, Казахстан жана Кыргызстандан барган окумуштуулар тобу тарабынан жүргүзүлдү. Аталган экспедиция Франциянын Жонзак шаарынан алыс эмес жайгашкан Ше-Пино аттуу орто палеолит дооорунун эстелигин изилдөөгө багытталган. Бул эстеликти изилдөөнүн маанилүүлүгү комплекстин уникалдуу сакталышы менен шартталган: археологиялык жана палеофауналдык материалдар бул жерде бузулбаган контекстте берилген. Эстеликте неандертал адамдарынын аң уулоочулука багытталган курал жарактары жана аларга олжо болгон жаныбарлардын сөөктөрү табылган.