2025-04-25 07:59:47 7
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮН ТҮПТӨГӨН АТАЛАР (АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ, ИМАНАЛЫ АЙДАРБЕКОВ, ЖУСУП АБДРАХМАНОВ, АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ, ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ) ЖӨНҮНДӨ ЖАРЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА, 2024-жылдын 8-октябрында Т. Сатылганов атындагы облустук китепканада "Кыргыз эгемендүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн тарыхый инсандар" аттуу эскерүү кечеси болуп өттү. Анда ОшМУнун Тарых жана юридика институтунун окумуштуулары: т.и.к., доцент С.А. Смадияров, “ККАО - Эгемен мамлекетибиздин башаты” жана т.и.к., доцент С.К. Осмонова “Мамлекеттүүлүгүбүздү түптөгөн улут лидерлери” деп аталган баяндамаларды жасашты. Баяндамалар угуучулардын кызуу талкуусу менен коштолду. Жыйынтыгында, лекторлорго Ыраазычылык кат ыйгарылды.