конок-лекциялар

2025-04-25 09:11:55 0

14-октябрь, 2024-жыл. Кыргыз Республикасынын Президентинин азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн Аталар (АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ, ИМАНАЛЫ АЙДАРБЕКОВ, ЖУСУП АБДРАХМАНОВ, АБДЫКАДЫР ОРОЗБЕКОВ, ИШЕНАЛЫ АРАБАЕВ) жөнүндө Жарлыгынын алкагында, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл" аттуу аталыштагы иш-чарага ОшМУнун Тарых жана юридика институтунун окумуштуулары: т.и.к., доцент Г.Э. Чыныкеева жана т.и.к., доцент С.К. Осмонова конок-лекцияларды окушту. Анда студенттер тарабынан да баяндамалар жасалып, эскерүүлөр болуп, ыр-бийлер менен коштолду. Жыйынтыгында, лекторлорго Ыраазычылык кат ыйгарылды.