2025-04-25 09:15:10 11
Тарых жана юридика институтунун күндүзгү окуу бөлүмүндөгү “тарых” адистигинин И-(б)–1-23, И-(б)-23 тайпасынын студенттери окуу планына ылайык музейдик практиканы 14.10.24 - 19.10.24. күндөрү Өзбекистан республикасынын Ташкент, Самарканд шаарларында 12 студент 1-жүмалык музейлик практикада болду. Студенттер теориялык билимдерин практика менен бекемдеди. Музейдик практика учурунда студенттер менен 1-күнү Самарканд шаарында болуп, Шароф Рашидов атындагы Самарканд Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин декан орун басары Курбонбоев Илхом Махмудович, Илимий маалымат ресурстарынын башкы борборунун директору Рустамов Аброр Аликулович, СамДУнун тарых факультетинин илимий иштер жана эл аралык иштер боюнча декандын орун басары Махмудов Тохир Исаевич, археология илимдеринин кандидаты Одил Эргашев менен жолугушуп алар менен маек курулуп музейлерге таандык суроолорго жооп берилди.