Ю.А.Заднепровскийдин 100 ал эми Г.А.Брыкинанын 95-жылдык маарекелерине арналган Эл аралык конференция

2025-04-25 09:26:47 0

2024-жылдын 25-26 октябрь күндөрү ОшМУнун башкы корпусунда окумуштуу археологдор Ю.А.Заднепровскийдин 100 ал эми Г.А.Брыкинанын 95-жылдык маарекелерине арналган "Древние и средевековые культуры Ферганской долины в контексте взаимодействия кочевых и оседлых обществ Центральной Азии" аталышындагы Эл аралык конференция болуп өттү. 26- октябрь күнү программага ылайык Оштун 3000-жылдык тарыхын далилдеген окумуштуу Ю.А.Заднепровскийдин эстелигине гүл коюу менен башталып, Ак-Буура шаар чалдыбарына, Сулайман-Тоо Улуттук тарыхий археологиялык музей комплексине Өзгөндөгү Караханид дооруна таандык архитектуралык комплекстерине экскурсия кылуу менен коштолду.