БатМУда конок-лекциялар

2025-04-25 09:47:45 0

5-ноябрь, 2024-жыл. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында, Баткен мамлекеттик университетинде "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл" аттуу аталышта ОшМУнун Тарых жана юридика институтунун окумуштуулары: т.и.к., доцент Чыныкеева Г.Э., т.и.к., доцент Осмонова С.К., окутуучу Эрмекбай уулу Улукмырза конок-лекцияларды окушту. Анда студенттердин катышуусу менен кошумча интеллектуалдык оюн уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыгында, лекторлорго БатМУнун ректорунун Ыраазычылык каттары ыйгарылды.