2025-04-25 09:49:39 0
4-8 ноябрда Туркиянын Шанлы Урфа шаарында болуп өткөн Дүйнөлүк Неолит Конгрессинде (World Neolithic Congress) ОшМУнун доценти Алишер кызы Салтанат баяндама жасады. Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Стамбул университети жана Харан университети тарабынан уюштурулган бул иш-чара окумуштууларга неолит доорундагы изилдөөлөргө жаңы көз караштарды изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө түзүлгөн аянтча болуп эсептелет. Конгресске 64 өлкөдөн жана 487 мекемеден 1000ге жакын окумуштуу катышкан. Бул конгресстин алкагында Орто-Азиянын неолит доору жөнүндө атайын панел уюштурулуп жаны ачылыштар талкууланды. Конгресстин делегаттары ошондой эле Шанлыурфадагы белгилүү неолиттик эстеликтер болгон Гебеклитепе, Карахантепе, Сайбурч, Чакмактепе жана Сефертепеге барууга мүмкүнчүлүк алышты.