2025-04-25 09:51:40 0
21.11.2024. ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Aziret Zaidov жылдын мыкты тарыхчы мугалими болуп, Кыргыз Республикасынын президентинин колунан сыйлык алып олтурат. Азиретке чын ден соолук иштерине ийгилик каалап кетебиз. КР Билим берүү жана илим министри тарабынан уюштурулган республикалык конкурстун жеңүүчүсү катары "Жылдын мыкты тарыхчы мугалими-2024" номинациясынын ээси болуу жана сыйлыкты мамлекет башчы Садыр Жапаровдун колунан алуу чоң сыйлык ары чоң жоопкерчилик! Аталган конкурска тээ Өзгөн районундагы Куршаб айылында жайгашкан №14 Абдулла Тангатаров атындагы интернет гимназиясынан баштаган эмгек жолум, мугалим катары бышырган ар бир устатым, окуткан агай-эжейлерим, айтор ар биринин чоң саламы ары мээнети бар! Алардын ар бирине терең ыраазычылык, башты ийип таазим этем. Ошондой эле колдоо көрсөткөн учурда иштеп жаткан "Акылман" Президенттик лицейинин эмгек жамааты, колдоо көрсөткөн ар бир жакыныма, үй-бүлөмө, досторума терең ыраазычылык билдирем. Баардык жакшыларым, жакындарым бар болуңуздар, мен сиздерди жакшы көрөм Буюрса Кыргызстанда билим берүү жаатында колдон келишинче өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошууга даярбыз. А.М.Заидов