Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда

2025-04-25 10:31:24 0

2024-жыл 22-ноябрь. Тарых-юридика институтунун "Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология" кафедрасынын улук окутуучусу Тагайбекова Айнура Алибаевна, окутуучу Эрмекбай уулу Улукмырза ошондой эле "Жалпы тарых жана ТОУ" кафедрасынын башчысы т.и.к. доцент Апышова Аида Кабыловна Өзбекстандын Кокон мамлекеттик педагогикалык институтуна ЖОЖдор аралык байланышты бекемдөө жана өнүктүрүү максатында барышты. Гуманитардык илимдер факультетинин тарых кафедрасынын башчысы Нуридинов Турдали Камбарович менен илимий- практикалык иштер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Окутуучулар Кокон хандыгындагы кыргыз төбөлдөрүнүн ордун көрсөткөн конок лекцияларды окуп кайтышты