Э.Ж. Сулайманов 75-жашта!

2025-04-25 10:35:55 0

22-ноябрь, 2024-жыл. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100, азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар (Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев), советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер И.Айдарбековко 140, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө 100, ЖАМУнун түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана этнограф Э.Ж. Сулаймановдун 75 жылдыгына арналган «КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН ӨНҮГҮҮСҮНҮН УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Жогорудагы конференцияга ОшМУнун тарых жана юридика институтунун профессордук-окутуучулук курамы катышып келди. Анда т.и.к., доцент Смадияров Сыдык Акунович “Кара-Кыргыз автономиялык областы - Эгемен мамлекетибиздин башаты” аттуу темада пленардык жыйында баяндама жасады. Ошондой эле, институтубуздун окутуучулук жамааты секциялык отурумдарда жигердүү катышышты.