2025-04-25 10:47:43 0
КУТТУКТОО!!! 2024-жылдын 29-ноябрында Ж.Баласагын атындагы КУУнун жана КР УИАнын алдындагы Д 07.23.671 диссертациялык кеңешинде тарых илимдеринин доктору, профессор Алымбаев Жээнбек Байыскуловичтин жетекчилиги астында тарых жана юридика институтунун Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасынын окутуучу Пасанова Клара Балтабаевна «Салттуу кыргыз коомунун социалдык түзүлүшүнүн трансформацияланышы (XIX к. экинчи жарымы - XX к. башы)» деген темадагы 07.00.02- Ата Мекен тарыхы адистиги боюнча тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын ийгиликтүү коргоп алышы менен куттуктайбыз! Мындан аркы иштерине чыгармачылык ийгиликтерди, жакшылыктарды жана үй-бүлөөсүнө бактылуулукту каалайбыз! Урматтоо менен Ректорат, Профком Тарых жана юридика институту, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасы!