2025-04-25 11:22:05 0
2024- жылдын 20-декабрь күнү Ош билим берүү институтуна кесиптик чеберчилигин арттырууга келген тарых мугалимдери жана Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызматкерлери менен биргеликте ОшМУнун тарых-юридика институнун "Жалпы тарых жана ТОУ" кафедрасынын доценти, т.и.к Ж.Адилбаев жана т.и.к. доцент А.Б Дуйшонбаеванын "Дүйнө тарыхы: доорлор жана цивилизациялар, географиялык ачылыштар, согуштар жана революциялар, мыйзам ченемдүүлүктөр жана келечек"- аттуу окуу колдонмосунун бет ачаары болуп өттү. Иш-чарага Ош,Баткен облусунан кесиптик чеберчилигин арттырууга келген мугалимдер катышып,суроо-жооптор берилип, абдан кызыктуу талкуу менен коштолду.