2025-04-25 11:25:39 0
2025-жылдын 20-январында жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедрасынын доценти Жумашова Гүлзада Султановна Ош билим берүү иниститутуна квалификациясын жогорулатуу үчүн Ош облусунун райондорунун мектептеринен келишкен тарыхчы мугалимдерге “ЖРТга жана олимпиадага даярдоонун оптималдуу жолдору” деген темада конок лекция өттү. Сабак суроо жооп менен коштолуп, жогорудагы аталган багыт боюнча мындан ары да тыгыз байланышта болуп, кызматташтык уланат.