Академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп келген жогорку курстун студенттери баяндама жасашты

2025-04-25 12:17:25 0

2025-жыл, 14-февраль. Тарых жана юридика институттунун "Социалдык-экономикалык билим берүү" ( тарых профили) адистигинин 1-2-курстары үчүн ички жана сырткы академиялык мобилдүүлүк программалары жөнүндө студенттерди шыктандыруу максатында "Кыргыз Манас Түрк университети" , "Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети", "Батыш Чех университети", "Андижан мамлекеттик университети", Наманган мамлекеттик университеттеринде академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп келген жогорку курстун студенттери баяндама жасашты, иш-чаранын алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия Улуттук университетинде азыркы учурда академиялык мобилдүүлүк программасы менен окуп жаткан 2-3-курстун студстуденттери Алимов Абдрахман, Аданов Мунарбек, Жумакеева Нуриза, Раимбердиева Медина онлайн байланышка чыгышты. Студенттер кызыккан суроолоруна жооп ала алышты. Ошондой эле бүгүнкү күндө Тарых жана юридака институттунун "Социалдык-экономикалык билим берүү" (тарых профили) адистигинде Кыргыз Манас Түрк университетинен Мыктарова Салтанат, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Сагынбаева Ширин, Темирканова Наристе, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен Орозмат уулу Айданбек окуп жатышат.