Фергана Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин окутуучулары ОшМУда

2025-04-25 12:53:26 0

05.03.2025-жыл. Өзбекстан Республикасынын Фергана Мамлекеттик университетинин тарых факультетинин деканы т.и.д, доцент Усмонов Бахриддин, Өзбекстан тарыхы кафедрасынын башчысы т.и.д профессор Абдумаликов Абдулатиф жана социология кафедрасынын башчысы ф.и.д профессор Бегимкулова Лайло жетектеген жоон топ ОшМУнун тарых жана юридика институтунун тарых бөлүмүнүн жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кош диплом берүү, академиялык мобилдүүлүк, биргеликте илимий илиздөө иштерин жүргүзүү жана кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.