2025-04-25 13:45:37 0
1.04.2025. Тарых жана юридика инчтитутунун тарых бөлүмүнүн 1-курсунун 11 студенти коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган мамлекеттик университетине академиялык мобилдүүлүк боюнча билим алууга кетишти. Студенттерди коштоп Кыргызстан тарыхы археология жана этнология кафедрасынын башчысы Т.М. Шаанов жана Г. Атаканова, К. Пасанова, А. Жапарова, Эрмекбай уулу Улукмырза барышты.Окутуучулар коңшу өлкөнүн студенттерине конок лекцияларды окушуп мертификаттар менен сыйланышты. Стунденттер ал жакта 1 ай окуп билим алышат.