ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИНИН АЛКАГЫНДА БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ОШМУДА

2025-04-25 13:54:09 0

ПРОФОРИЕНТАЦИЯ ИШИНИН АЛКАГЫНДА БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНУН ОКУУЧУЛАРЫ ОШМУДА. 2025-жылдын 1-апрелинде тарых адистигинин окуу корпусуна Лейлек районунан келген окуучулар менен С.А.Арстанов жолугушту. С.А.Арстанов билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги экендигин айтып, туура кесип тандоонун маанилүүлүгүн белгилеп университет тууралуу кенен маалымат берди. Аталган райондун мектебинин окуучулары ОшМУга кесипке багыт берүүнүн алкагында келип, окуу жай менен кенен таанышышты. Билимдүү жаштар, жаркын келечек үчүн ОшМУ алыскы жана жакынкы мектептер менен ар дайым тыгыз байланышта иш алып барат.